61 жаштагы жаран бакчасына кара куурай өстүрүп жүргөн

Баңги затын мыйзамсыз өндүрүүгө аракет кылган жаран аныкталды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, баңги затка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери атайын соода кылышкан.

Анда 2 килограмм 130 грамм баңги затын сатып алышкан. Ошондой эле “Саня” аттуу жаран бакчасына кара куурай өстүрүп жатат деген маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 268-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

“Издөө иштеринин жүрүшүндө кара куурай өстүрүүгө шектүү 1960-жылы туулган К.А. экени аныкталды. Ал жашаган үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Шектүү өз эрки менен 1 килограмм 700 грамм кара куурайды берип, андан тышкары бакчасындагы куурайды көрсөткөн. Кара куурайдын салмагы 149 килограмм 78 граммды түздү. Ал эми шектүү үй камагына чыкты”, – дешет мекемеден.

Белгилүү болгондой, шектүү үйүн ижарага берип, анда аял, балдары менен жашап жүргөн. Батирде жашаган балдар милиция кызматкерлерине маалымат беришип, досторуна кара куурайды акчага жулууга Саша байкеси уруксат бергендигин айткан. Шаардык милициядан өспүрүмдөрдүн кара куурай тараткандыгы боюнча өзүнчө тергөө иштери жүргүзүлөрүн белгилешти.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru