633 карышкыр кармалган
2019-жылы өлкөдө 2 миң 217 зыянкеч жырткыч жаныбар кармалып, дээрлик 5,5 млн сом сый акы төлөнгөн. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жырткычтардын ичинен 633 карышкыр, 28 бөлтүрүк, 1 миң 566 чөөлөр.
Бул үчүн 3 млн 35 миң сому карышкыр, 54 миң сому бөлтүрүк, 2 млн 330 миң сому чөөлөр үчүн сый акы төлөнүп, жалпы 5 млн 420 миң сомду түзгөн.