народный

7-каналдын кызматкери видеону өчүрүп кою үчүн 4500 доллар пара сураганы айтылды

 

Мындай маалыматты Аксы райондук  билим берүү башкармалыгынын башчысы Талант Эмилбеков “Коом.press”  сайтына билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык байланыш тармактарында Аксы районундагы мектептин биринде жогорку класстын окуучулары жалгыз баланы ур-токмокко алып, аны кордоп жатканы тууралуу видео тарады.

Окуя боюнча Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын башчысына байланышып төмөндөгүдөй маалыматтарды алдык. Окуучулардын мушташы мындан 1 ай мурда болгон. Балдардын чыр-чатагы тартылган видеону 7-каналдын кызматкеримин деген жаран райондук билим берүү башкармалыгына телефон аркылуу чыгып, аны жарыялабоо үчүн 4500 АКШ долларын талап кылган. Сураган акча боюнча жооп болбогон соң видео социалдык байланыш тармактарына жарыяланган.

Бүгүн, аталган мектептин директору кызматынан алынап, териштирүү иштери жүрүп жатат. Райондук билим берүү башкармалыгы акча талап кылган жаранга карата арыз менен кайрылганын билдирди.

Талант Эмилбеков

“Тилекке каршы ушундай окуялар кайталанып жатат. Биз муну алдын алуу үчүн 65 мектептин мугалимдери, эмгек жамааты, ата-энелер менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Эми мындан ары,  эч ким окуучуларды тартип бузбайт деп кепилдик бере албайт экен. Бирок, мындай окуяны болтурбоого  болгон аракетибизди жумшайбыз”-дейт  Аксы райондук  билим берүү башкармалыгынын башчысы Талант Эмилбеков.

Окуянын видеосун жарыя кылбоо үчүн 7-каналдын журналисти болом деген белгисиз адам 4500 АКШ долларын талап кылганын дагы кошумчалады.

Мага 7-каналдын журналистимин деп россиялык номер менен бирөөлөр жазышкан. Журналисттердин кайрылуусу чын эле 7-каналданбы же башкабы тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу жазып жатам. Алар териштирип беришет”-дейт Талант Эмилбеков.

7-каналдын башкы продюсери Азамат Абдиев окуя боюнча төмөндөгүдөй жооп берди.

“Биздин теле канал эч кимден маалыматтарды таратпоо үчүн эч кандай акча сурабайт жана сураган эмес. Эгерде  Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын башчысына кимдир бирөө биздин теле каналдын атын сатып кайрыла турган болсо, тактап берүүнү өтүнөбүз. Укук коргоо органдарына кайрылып, ким жазганы боюнча аты жөнүн тастыктаса бизге дагы жакшы болмок. Ошондой эле Аксыдагы балдардын тарбиясы боюнча теле канал нейтралдуу көз карашты карманат. Кошумчалай кетейин, 7-каналдын Россияда өкүлчүлүгү болгон эмес”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru