71 жаштагы аксакал өрттөн жаракат алды

700×100 kyr

Аламүдүн-1 өрт кырсыгынан 71 жаштагы адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов районунун Аламүдүн-1 кичи районунда 14-сентябрда саат 21:49 чамасында көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккан. Балкондо отургуч, жылыткыч, терезе жана эшиктер (15 чарчы метр) күйүп кетти. Натыйжада 1949-жылы туулган адам үчүнчү даражадагы күйүк алган.

Ал ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор деп бааланууда.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.