8 жаштагы Бахрам Бахрамов табылды

 8 жаштагы Бахрам Бахрамов аман-эсен табылганын 14-январда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баланы Бишкек шаарынан Ленин РИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери табышты. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Бахрам 28-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru