800дөн ашуун милиция кызматкери Чүй аймагындагы коопсуздукту кароодо

Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда коомдук тартипти коргоо үчүн бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунан 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында милиция кызматкерлери билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыздашат.

Чүй облусунун аймагында 320дан ашык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө, алдын ала маалыматтар боюнча, билим берүү мекемелеринде 199 миңден ашуун окуучу билим алышары белгилүү”, – деп жазылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru