9-класстын окуучусу классташын бычактап өлтүрдү

Бүгүн,24-ноябрь күнү эртең менен классташынан жаракат алган өспүрүм каза болгонун “Киодо” маалымат агенттиги билдирди.

Буга чейин Айти префектурасындагы мектепте өспүрүм классташын бычак менен сайып салганы, анын абалы оор экени маалымдалган. Шаршемби күнү милицияга мектептин 9-классынын  окуучуларынын ортосунда чыр чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Мектеп окуучуларынын бири экинчисин бычак менен жарадар кылган.

Классташын бычактаган классташы кармалды. Окуянын себептери иликтенип жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru