9 жаштагы Аяна Эмилбекова дайынсыз жоголду

Ленин районунун милиция кызматкерлери Аяна Эмилбекованын турган жерин аныктоо боюнча издөө  иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

 Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 31-октябрында борбор калаанын тургуну Ж.У., ошол эле күнү саат 15:00 чамасында 2011-жылдын 11-ноябрында туулган тууганы Аяна Эмилбекованы издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.   Абдраева көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.  Бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз.

 Бул факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБРсында  катталды.

 Белгилери: бою болжол менен 120-130 см, орто денелүү, чачы кара, көздөрү күрөң.

 Ал кызгылт түстөгү шым, кызгылт жилет жана ботос кийип алган.

 «Урматтуу жарандар!  Эгерде сизде Аяна Эмилбекованын жүргөн жерин аныктоого жардам берген маалыматыңыз болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0 (312) 352-605, 0 (553) 102-456, 0 (703) 401-600, 0 (553) 102  -880, 0 (551) 102-326 жана 102 », – деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru