Аалы Карашев депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыялады.

Аалы Карашев Ош облусунун №12 Өзгөн округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 171 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru