Абанын күндүзгү температурасы

  Бүгүн, 22-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Чүй облусунда +30…+35

Талас облусунда +29…+34

Баткен облусунда +32…+37

Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37

Ысык-Көл облусунда +22…+27

Нарын облусунда +21…+26

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +33…+35 градуска жетет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.