Абанын күндүзгү температурасы
Бүгүн, 4-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул туууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңолок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда күндүз +9…+14;
Талас облусунда күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда күндүз +4…+9;
Нарын облусунда күндүз -1…+4;
Бишкекте күндүз +12…+14.