Абдил Сегизбаев ооруканадан УКМКнын абагына которулду

Абдил Сегизбаев ооруканадан УКМКнын абагына которулду, деп билдирди АКИpress агенттигине жактоочусу Кантемир Турдалиев.

Анын айтымында, Сегизбаевдин коронавируска тапшырган анализи таза чыккан.

«Бирок ал азыркыга чейин алсыз болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруканадан кийин дагы беш күндөй реабилитациядан өтүп, коронавирус менен ооруп бүткөн адамдар изоляцияга алынышы керек деген сунуштары бар. Ошондой эле желдетүүгө мүмкүн болгон өзүнчө бөлмө болуш керек экенин эскертет. Бирок мындай шарттар убактылуу кармоочу жайда жок», – деди Туралиев.

Сегизбаев 24-майда ооруканага жеткирилген. Андан эки тараптуу пневмония аныкталган.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.