народный

Абсамат Масалиевди кызматтан кетирүү үчүн болгон митингден бир көрүнүш. (Тарыхый сүрөт)

Абсамат Масалиев көрүнүктүү саясый ишмер, СССРдин бир нече көрүнүктүү саясый кызматтарында иштеген. Ал эми  Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин бир нече кызматтарда иштеген.

1991-жылдын апрель-август айлары КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кеңешчиси.

1993-96-жылдар Тоо кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин мүдүрү.

А. Масалиев 1995 – жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон.

Бул шайлоодо бийлик добуштарды одоно бузуу менен – президенттин ошол кездеги маалымат катчысы К. Баялинов мурда айткандай – Акаевдин 73 процент добуш алып жеңүүсүн камсыздаганы бүгүнгө дейре айтылып жүрөт.

КПСС БКнын мүчөсү (1986-1991), СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутаты, СССРдин эл депутаты(1989-1991), СССР Жогорку Советинин мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты.2000-2004-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.

 Ал 2004-жылы 31-июлда каза тапкан.  

Булак: Википедия

(Сүрөт  Лимон kg сайтына таандык. )

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru