народный

Абылгазиев: Казакстан менен Өзбекстандын чек араларынын жабышы бизнестин ишине таасирин тийгизбейт

Коронавирустан улам өлкөгө келип жаткандарды чек арадан текшерүүлөр күчөтүлүп, текшерүүнүн убактысы узарат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Абылгазиев коронавирус Кыргызстандын жакынкы эки коңшу өлкөгө – Казакстан менен Өзбекстанга келгенин, алар менен соода-экономикалык алака, жарандар ортосундагы карым-катнаш бар экенин айтып, өлкөгө коронавирустун келүү коркунучу артканын билдирди. Аны менен бирге ал чек араларда текшерүү күчөтүлөрүн айтып өттү.

Ошондой эле, азык-түлүк жетиштүү болорун кошумчалады. Ал өлкөдө ун жана нандын баасы так бекитилип, алар белгиленген баа боюнча кымбаттатылбай сатыларын билдирди.

Анын айтымында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 60 миң тоннадан ашык ун жана буудай бар экенин жана ун менен буудай алып келүү үчүн каражат бөлүнүп жатканын билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru