Адахан Мадумаров коронавирус бийликтин оюну, ага ишенгендер түркөйлөр дейт (ВИДЕО)

Саясатчы Адахан Мадумаров таажы илдети боюнча кайрылуу жасады. Илдетке ишенгендерди сабатсыз, караңгы жана түркөйлөр деп атады. Аны менен катар, элди мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, кырдаал үчүн бийлик күнөөлүү экенин айтты. Италия жана башка өлкөлөрдө болуп жаткан курмандыктар ал жөн эле оюн. Адамдардын өлүп жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенине токтолгон. Саясатчы кайрылуусу аркылуу элди вируска ишенбей өз тиричиликтерин кылуусуна шыктандырган. “Адамдар учураша албай калдык, кучакташпагыла деп жатат. Эмне бизди бет кап сактай бекен?”-деп суроо койгон.

Белгилей кетсек, таажы ылаңы дүйнө элинин тынчын алып, алгач ишенбей, эрежени сактабай келген Италия жана башка өлкөлөрдө курмандыктар арбып кеткен. Шаардагы моргдор толуп, муз аянтчаларына сөөктөр жайгаштырылган. Каза болгондорду көмүп жетишпей жатканы дүйнөлүк прессалар аркылуу чагылдырылып жатат.

Адистер, элди тазалыкка жана үчтөн көп болуп чогулбоого кеңеш беришүүдө. Мындай эрежелерди дүйнө эли дагы аткарып жатат. Көрүлгөн аракеттерди саясатчы Мадумаров “түркөй, караңгылардын иши” деп сыппатады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru