Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Тактап айтканда, президент Садыр Жапаровдун «Вечерний Бишкек» жалпыга маалымдоо каражатына курган маегинде ал тууралуу айткан сөздөргө жооп кайтрды.

«Мен бүгүнкүгө чейин Садыр Жапаровдун башкы прокурор же сот болуп калганын билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп атыптыр. Бул маданиятсыздык, сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деп отурган киши бир аз китептерди окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат.

Өздөрү ушундай жол менен чоңоюп, өскөндөн кийин, элдин баары мендей (өзүндөй – ред.) деп атса керек да. Мен ал жигиттен айырмаланып солярка ташып, банктарды басып алып чоңойгон эмесмин. Мен улуу китептерди окуп, улуу инсандардын тарбиясын алып чоңойгом. Ал жигиттин айтканы жапайчылык.

Мен азыр кызматкерлерге айттым, буйрукту катуу берген окшойт, эмне эле түштөн кийин чуркап калдыңар десе, көрсө интервью берген турбайбы депчи. Эс алууда жатып алып ойлоп тапканы ошол болдубу. Анын да жооп берер күнү келет. Ар бир сөзү үчүн жооп берет», – деди Мадумаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru