Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Эмне үчүн чакырылганын айтты

 Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Бул тууралуу ал журналисттерге өзү билдирди.

Анын айтымында, эртең менен үйдөн чыкканда он чакты кишини көргөн. Алардын баары Ички иштер министрлигинен, УКМКдан жана прокуратурадан болгон.

2009-жылы чек ара маселеси боюнча иш козголгон экен. Күбө катары чакырылдым. Дагы суракка келем. Мага эле эмес, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бардык мүчөлөрүнө кысым болуп жатат. Орозайым Нарматова да кайра-кайра суракка чакырылып жатат. Кечээ депутаттардын жыйыны саат 23:00дө аяктап, ошондой кеч бүтсө да кеңсенин сыртында дагы деле чакыруу кагазы бар кишилер күтүп отурушту”, – деп билдирди эл өкүлү.

Мадумаров бүгүн, 14-январда кыргыз-тажик чек арасы боюнча Башкы прокуратурага суракка чакыртылган.

Депутаттын айтымында, ал дагы бир жолу суракка келет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru