Мадумаровдун “КТР менен ЭлТР Элмирбекти көп жылдан бери көрсөтпөй калган”-деген сөзүнө Кайрат Иманалиев жооп берди

Маданият жана маалымат министринин орун басары Кайрат Иманалиев буга чейин  КТРде бир нече жыл орун басар болуп иштеген. Андыктан “Коом press” сайты ал кишиге кайрылып “Адахан Мадумаров бейит башында туруп КТР менен ЭлТР көп жылдан бери көрсөтпөй калган деди. Бул чынбы?”-деген суроо узатты.

“КТРдин алтын фондунда  Элмирбектин эң сонун концерттери, айтыштары, программалары, маектери бар. Ал улуу феномен болгондуктан көп маектешкенге, көп чакырганга жаздырып калганга аракет жасачубуз. Жакшы нерселерди тартып калыптырбыз, буюрса муну кылымдарга сактап муундан муунга көрүп жүрүшөт. Алардын баарын КТР менен ЭлТР тарткан. Экинчиден КТРде жеке Элмирбек үчүн ачылган  “Төкмө келсе төр бошот”-деген программа сонун эле эфирден кетип жатканына кыргыз эли, айтыштын күйөрмандары, акындар жакшы билишет.  Кээде гана Элмирбек өзү ден-соолугуна байланыштуу келбей калбаса, тынымсыз эфирден берилип атканына эл күбө, бизди калп айттырбайт. Акыркы концертин да эң жакшы кылып, сапаттуу техника менен ушул эле теле каналдын оператор журналисттери тартып келишкен. Заманага деле байма бай чакырылып турчу. Андыктан бул сөзгө кошулбайм.  ЭлТР кечээ кечке Элмирбектин кечелерин, келип катышкан программаларын берди. Чыгарбай калса эмнени берет эле?. Кудайдын кылганы ушул экен, эми мындан ары эскерүүлөрүн эки канал тең тынбай берет деп ишенем”-деди ал.

Эскерте кетсек саясатчы Адахан Мадумаров кечээ Элмирбек Иманалиевдин кабырынын башына туруп “Элмирбекти КТР менен ЭлТР көп жылдан бери көрсөтпөй калган”-деген болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru