Адамдардын сөөгүнөн тургузулган дубал табылды

Бельгиянын Гент шаарындагы Ыйык Бавон соборунун жанынан адамдардын башы жана башка дене мүчөлөрүнүн сөөгүнөн тургузулган дубал табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

 Дубал XV кылымда каза болгон адамдардын   сөөгүнөн XVII–XVIII кылымдарда курулган.

Археологиялык топтун өкүлү Рубен Виллаэртанын айтымында, тарыхый табылга туристтер үчүн сакталбайт. Себеби Собордун аймагына жаңы мекеме куруу үчүн сөөктөрдү алып салуу пландалууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru