Адиль Турдукулов партиялашы Туйгуналы Абдраимовду жашынып жатат деп сындады

Мындай билдирүүнү активист Адиль Турдукулов өзүнүн  социалдык баракчасына:

 «Европада айрым медициналык билими бар саясатчылар өзүнүн жашоосун тобокелге салып коронавирус дартына шектелгендерди кабыл алышууда.  Бизде бир гана мындай билими барлардан Туйгуналы Абдраимов эске келет  экен. Бирок ал эмнегедир жашынып алды.  Мындан башка кимди билесиздер?»-деп жазды.

Эскерте кетсек бүгүнкү күндөгү жаңы коронавирус жуктуруп алгандардын катары он адамга көбөйдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru