Адиль Турдукулов: “Садыр Жапаров кыргыздын Ли Куан Юсу деп аталып калат”

-Парламентаризмди негизги маңызы – өкмөттү түзүү жана анын ишмердигин көзөмөлдөө. Азыркы башкы мыйзамдын долбоорунда өкмөт ЖКга эмес, түздөн түз президентке баш ийет.

Ошондуктан экс-ажолорго окшоп, жаңы шайланган президент, мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди өкмөткө оодара кое албайт, жоопкерчиликти өзүнө алат. Коронавирус күчөп же чек-арада атышуу болуп калса, ал үчүн өз керт башы менен жооп берет.

Жогорку Кеңеш дагы мурункудай өкмөтүү сөксө да, алар колдорун жайып берет. Анткени бүт бийликти президент өз колуна мыкчып алынган болот. Жаны Конституциянын долбоорунда так ошондой жазылган.

Ошондуктан Садыр Жапаров тобокелчилике барып жатат. Эгерде эбегейсиз чон бийликти колдонуп, анын авторитарды башкаруусу аркылуу Кыргызстан – Сингапур, Түштүк Кореяга окшоп чукул түрдө экономика өнүгүп кетсе, Жапаров кыргыздын Ли Куан Юсу деп аталып калат. Эгерде бир жылдын ичинде экономикада жылыш болбосо, коррупция азыркыдай эле деңгээлде болсо, кадрдык башаламан улана берсе – Жапаровду бийлиги да өтө жаман аяктайт.

Эки эле жол бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru