Адвокат Хасанов укук коргоо органдары президентке баш ийбей жатканын айтып, Жапаровго кайрылды

Урматтуу Садыр Нургожевич!

Бүгүнкү күндө кызыктуудай нерсе болуп атат. Сиз укук коргоо органдарына, Башкы прокуратура менен УКМКга ээ боло албай жатканыңыз көрүнүп турат. Мен жактоочу катары баарына аралашып жүрөм. Сиз сотторго коркпогула, бир гана мыйзамга баш ийгиле деген сөздөрүңүз эч нерсеге жарабай калды. Тергөө соттору институтун прокуратура менен күч органдары нотариус катары эле пайдаланып жатышат. Факт десеңиз. Мына сизге факты! “Проминвест” курулуш компаниясы алдамчылык жолу менен үлүш ээлерин алдап, үйдү эксплуатацияга киргизбей жатат. Үлүш ээлери менен подрядчиктер баардык далилдерди көргөзүп арыз жазса, Башкы прокуратурадагы Тергөө башкармалыгынын тескеген куратор ишти өзүнө алып алган. Курулуш компаниянын кожоюну прокурорго бир батир берип койгом, колуңардан эч нерсе келбейт деп,-ачык айтып жатыптыр. Кылмыштын курамы бар экенине карабай, иш ордунан жылган жок.Тергөөчүлөр эмне кылаарын билбей жатат. Прокуратура өз билемдигин кылган бул бир эле факт.
УКМК күнөөсү барды дагы, жокту дагы камап атат. Аны айтсаң УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында баарыбызды коркутуп жатат. Мыйзамсыздык тууралуу айткан адам эле “учетко” алынат деп коркутат. Кыргыз элин коркутуп-үркүтүп башкарганга болбойт экени жакынкы эле тарыхта жазылып турат. Мен түз эфирге чыгып, Конституцияга туура келбеген нерселерди айтсам, УКМКнын полковниги ИИМге кайрылып, маалымат топтоп, мени камайм деп жатыптыр. Башкы прокурор жөнүндө сын айтсам, анын орун басары Хасановдун оозун качан жабасыңар,-дейт экен.
Урматтуу Садыр Нургожевич биз сын айтканга укугубуз жокпу?
Сын айтсаң эле атайын даярдалган “фейктер” улут аралык кастыкты козутуп, “өлтүрүп” кетебиз дегенге чейин барып атышат.
Мен сизди ушул учурга чейин колдоп келгем. Бирок кемчиликтерди ачык эле айтып келем. Мен сизди колдонгонго дагы эле даярмын. Бирок эки чылбыр, бир тизгинди колго албасаңыз, анархиялык мамлекетке айланып баратабыз.

Урматтоо менен иниңиз Канат Хасанов!

Leave A Reply

Your email address will not be published.