Адвокат: Тажикстан Эл аралык соттун алдында жооп берип калышы мүмкүн

Тажикстан Эл аралык соттун алдында жооп берип калышы мүмкүн. Бул тууралуу адвокат Сания Токтогазиева билдирди.

Ал белгилегендей, Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялаган.

“Кечээ Тажикстан өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына каршы жасалган иш-аракеттер ачыктан ачык куралдуу кол салуу болгон, эгерде тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлсө, анда бул буйруктарды чыгарган эң жогорку кызмат адамдарынын аракеттери Согушту баштаганы үчүн Эл аралык уюмдун юрисдикциясына кабылышы мүмкүн”, – деп жазган адвокат.

Булак: Эркиндик.медиа

Leave A Reply

Your email address will not be published.