Афганистанда эми аялдар катышкан телесериалдар көрсөтүлбөйт

Маалым болгондой, эми ТВда иштегендер эфирге чыккан программалар шарияттын мыйзамдарына дал келип жатканын карап турушу керек. Анда көңүл ачуу программалары динди мазактабай, кадрда иштеген аялдар башына сөзсүз жоолук салынышы абзел деген талаптар коюлган.

“Аялдар катышкан телесериалдар эфирден чыкпаш керек. Мындан сырткары, эркек менен аял жарым жылаңач болуп тартылган тасма, клиптерди көрсөтүүгө да болбойт”, — деп айтылат маалыматта.

Афган бийлиги батыштын маданиятын, жашоо образын пропаганда кылган тасмаларды берүүгө да тыюу салган. Мухаммед пайгамбарды сүрөттөгөн кадрларды көрсөтүүгө болбой турганы да кошумчаланды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru