Афганистанда ЖОЖдордо кыз-эркек болуп бөлүнүп окушабы? Жообу:

Аганстандын жогорку окуу жайларында жигиттер менен кыз-келиндер эки бөлөк окуй турганы маалым болду. Бул тууралуу «Талибан» кыймылынын өкмөтүнүн жогорку окуу жай министри Абдул Баки Хаккани билдирди.

12-сентябрда Хаккани окуу жайларга жаӊы эрежелер киргизилгенин маалымдады. Анда кыздарга мектеп же университеттерде окууга тыюу салынбайт, бирок окуу тартибине, кийинүү эрежелерине өзгөртүү киргизилет.

Жаңы эрежелерге ылайык, кыз-келиндер окууга хиджаб кийип келиши керек. Ошол эле учурда кыздарга сабакты аялдар өтөт. Кокус аял мугалим табылбаса, сабакты эркек мугалимдин өтүүсүнө уруксат берилет. Бирок мугалим менен студенттердин ортосун парда бөлүп турушу керек.

Университеттерде окутулган сабактар жаңы эрежелердин негизинде каралып, окуу планы, программасы кайрадан иштелип чыгат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru