народный

Ахматбек Келдибеков Аида Салянованын айыптоолоруна жооп берди

Бул тууралуу экс депутат “коом press” сайтынын “кечээ мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова түз эфирде сүйлөп жатып сизди Кумтөрдү салыктан бошотуунун автору катары айыптады, жообуңуз барбы?”-деген суроосуна жооп берип жатып билдирди:

“Аида Салянова ар дайым кооз сүйлөмүш болуп, элдин башын айландырууга жөндөмдүү. Кечээ видео кайрылуусунда токтом, Жогорку Кеңештин мыйзамын анан буйрукту көрсөтүп жатат.  Буга чейин Садыр Жапаров  Кумтөр менен келишим өзгөргөндүгүн, ал жерде атайын ратификациядан өткөндүгүн, анан Жогорку Кеңешке киргизип, мыйзам менен ратификация кылгандыгы жөнүндө айтып  жаткан болчу. Мыйзам Жогорку Кеңештен ратификация болуп чыккандан кийин анын аткарылышы боюнча өкмөттүн буйругу чыккан. Салык кызматы эч качан муну менен алектенбейт. Ошол мезгилде салык саясаты каржы министрлигинде болгон. Азыр  бул милдет экономика министрлигине жүктөлгөн. Ошол токтомду бекитип жатканда канча акча кыскарып кеткенин Садыр Жапаров мурда эле айткан. Буйрукту окуса эле баары түшүнүктүү болот.  Анан элдин башын айландырып, мунун баардыгын саясатка буруп өзүнүн жоопкерчилигин алып качканы туура эмес”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru