Ахматбек Келдибеков доллар курсунун өсүү себептерин, качан түшө турганын айтты

-Ахматбек Келдибекович, учурда доллар улам-улам көтөрүлүп жатат. Буга негизги эмне себеп болушу мүмкүн?

-Биздин экономика коңшу мамлекеттердин, ошондой Россиянын экономикасына түздөн-түз байланыштуу.  Россияда рублдун баасы дайыма нефтинин баасына  байланыштуу эмеспи. Ошондуктан  доллардын көтөрүлгөнү бул обьективдүү эле нерсе.   Качан нефтинин баасы көтөрүлгөндө доллар кайра калыбына келип калат.

-Доллардын көтөрүлүшү менен биздин экономикада эмне  күтүлөт?

-Өкмөт сомдун күчүн кармаш үчүн Улуттук банктан көптөгөн долларды рынокко сатыкка чыгарыш керек.  Анын баардыгы бүгүнкү күндөгү ички экономика  эмес, биз менен тыгыз байланышта болгон Россиянын, Американын, Кытайдын экономикасына тыгыз байланыштуу. Долларды кармап турабыз деп акчабызды короткон туура эмес. Жок дегенде ушул убакытка чейин алдын алуу иштерин  жасашыбыз керек эле.  Коронавирустун айынан баардык коңшу, алыскы жакынкы мамлекеттерде болуп жаткан кризис калыбына түшсө, биздин сомубуз да ордуна келет.

– Муну бир калыпка салуу үчүн эмне кылуу керек?

-Учурда өкмөт товарларды экспортко чыгарып, ишкерлер ишканаларды куруп жатат. Ушулардын баары тезирээк ишке кирсе жакшы болмок. Биз экспортко товарды канчалык көп жөнөткөн сайын, сомдун сатып алуу баасын сактап калсак болот

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru