народный

Ахматбек Келдибеков: “Эгерде биз азыраак добуш алып калсак, анда жеңилдик деп айтмакпыз”

Бул тууралуу Ахматбек Келдибеков бүгүн,30-ноябрда түз эфирде билдирди.

“Биз таза шайлоо үчүн иштегенбиз, биз ага ишенгенбиз. Биздин ар бир  талапкердин колунда  АСУ автоматтан чыккан чек бар. Ошол чектин негизинде ар мүнөт,секунд сайын талапкерге берилген добушту сурап жатабыз.  Исмаил Исаковичке 13 миңден ашык, Мыктыбек Арстанбекке 18 миңден ашык, мага 15 миңден ашык, башкаларга үч миң,төрт миңден ашык  добуштар берилген, . Эмне  себептен алардын добушу  жүзгө,миңге,беш жүзгө түшүп калды? Добушту каалагандай кыскартканга, жасалмалоого  болбойт. Эгерде биз азыраак добуш алып калган болсок,эгерде АСУ бузулбаса, анда биз жеңилдик деп айтмакпыз. Биз бардык партияны чакырабыз.  Үч күндөн кийин кайра шайлоо өтсүн”-деди  Келдибеков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru