Аида Исмаилова Бекешовдун сынына жооп берди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна талапкер Аида Исмаилова депутат Дастан Бекешевдин сынына жооп берди. Бүгүн парламентте аталган кызматка талапкер талкууланып жатат. Эл өкүлүнүн айтымында, Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп туруп, пандемия күчөп турганда өзүн өтө начар көрсөткөн, координация болгон эмес, адамдар ооруканалардын босогосунда өлүп жатышкан, дары-дармектер жана дарыгерлер жетишсиз. «Менин оюмча, Садыр Нургожоевич башка кадрларды тапса болмок», – деди Дастан Бекешев. Аида Исмаилова айтылган сындарга макул болгон жок. Ал жакшы иштеп, колунан келгендин баарын жасадым деп эсептейт, ал эми саламаттыкты сактоо системасы көптөн бери кризисте болуп келген,мен муну парламентте жүргөндө да айткам. «Мен вице-премьер-министр болуп турганда, кырдаалды ичтен көрдүм»,- деп жооп кайтарды Аида Исмаилова.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru