Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.