народный

Аида Исмаилова вице-премьер министрликке сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова  бүгүн кызматтан кеткен Алтынай Өмүрбекованын ордуна сунушталууда. Мындай маалыматты бүгүн Жогорку Кеңештен билдиришти.  Ал “Республика Ата Журт” фракциясынан депутат. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү. 

Аида Исмаилованын өмүр баяны:

 1976-жылы 17-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Билими:

1999 — Бишкек гуманитардык университетинин “Чыгыш таануу” факультетин аяктаган;

Эмгек жолу:

2000 — чет өлкөлүк инвесторлорду Кыргызстанга тартып келүү менен алектенген;

2011 — кореялык PARK OPC компаниясынын Кыргызстандагы жергиликтүү өкүлү;

2013-2015 — жеке ишкердик менен алектенген;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Республика — Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru