Аида Касымалиева 14 күн үйдөгү карантинге алынды
Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева Германиянын Берлин шаарынан иш сапардан кайтты. Эми ал 14 күндүк иш күнүн үйдө өткөрөт. Бул тууралуу ал “коом press” сайтына билдирди:
Учак Стамбулдан Бишкеке келип конгондо дал ушундай жагдайда текшерүүгө алышкан. Сүрөт Аида Касымалиевага таандык
«Германияга алардын парламентине Бундестагдын чакыруусу менен барганбыз. Өлкөдөн кетип жатканда саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашып чыккам. Биз Берлинге жолго чыкканда кырдаал туруктуу эле болчу. Күтүүсүздөн абал курчуп кеткенине байланыштуу билеттерди алмаштырып, тез келүүгө аргасыз болдук. Аба майдандагы дарыгерлер абдан мыкты текшерип жатышат. Учактын да ичинен кароо жүргүзүштү. Учурда менде эч кандай жөтөлдүн, ысытманын белгилери жок. Ошентсе дагы тартипке ылайык 14 күн үйдө болом»-деди Эл өкүлү.
Кошумчалай кетсек Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө тарап жаткан коронавирусту “пандемия” деп жарыялаган. Кыргызстан дагы бул вируска байланыштуу сырттан келген жарандарды 14 күн карантинде кармоо чечимин кабыл алган болчу.