Айдоочу карыган аялды өлтүрө сүзүп кетти

Бүгүн, 4-мартта тан эрте тактап айтканда саат 07.30дар чамасында Бишкектеги Лев Толстой жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ниссан” автоунаасын башкарып келе жаткан А.М. аттуу айдоочу жолдон өтүп бараткан 1943-жылкы аялды сүзүп кеткен. Ал алган жарааттан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Азыркы учурда жеринде Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери иш алып барууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru