Айдоочу уят сөздөр менен блок постто тургандарды ашата сөктү (видео +18)

Баткен облусунда айдоочу блокпостто тургандарды ашата сөгүп, алардын өткөрбөй койгонуна карабастан постту сүздүрө айдап кетти. Окуянын видеосу фейсбук социалдык тармагына чыкты.

Видео кайсы күнү жана кайсы жерден тартылганы так көрсөтүлгөн эмес.

Тасмада көрүнүп тургандай, айдоочу “саат 09:00гө Баткенге барып калышым керек, мени кое бергиле” деген талабын койгон. Бирок блокпостто турган жарандар, уруксат берүүчү штаб менен байланышуусун суранган.

Телефонго чалган айдоочу жооп ала албаган соң, жарандарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тосмону талакалап туруп, аны тосконуна карабастан сүздүрүп айдап кетти.

Булак: элдик медиа

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru