Айгерим Расул кызы «Маданияттын мыкты кызматкери» болду

Кечээ, 10-октябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ырчы Айгерим Расул кызынын «Келем сага» аттуу шоу концерти өттү.

Концертти ырчынын сахналаш достору коштоду. Алар Аваз Акимов, Нурлан Насип, Айдана Дека, Сайкал Садыбакасова жана башкалар.

Кеченин басымдуу бөлүгү бий менен коштолду. Ошондой эле Айгерим Расул кызына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси ыйгарылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru