Айлампа жолдо айдоочу түркүктү сүзүп, ал унаанын үстүнө кулады-(ВИДЕО)
Ак-Өргө жаңы конушундагы айлампа жолдо Subaru үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдык менен темир-бетондон жасалган түркүктү сүзүп алган. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 23-февралга караган түнү Ахунбаев менен Кырк-Кыз көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Окуя болгон жерден тартылган видео “Короче” Telegram-каналына жарыяланды.