Айлыгыбызды көтөргүлө! Почта кызматкерлери митингге чыкты

Бүгүн Бишкектин борборунда кезектеги митинг өтүп жатат. Бул жолу акцияга “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери чыгышты.
Алар 2019-жылга бонус төлөп берүүсүн жана айлыктарын 50 пайызга көтөрүүнү талап кылышууда.
Алардын айтымында, бүгүнкү күндө почтачылар айына орто эсеп менен 5400 сом алышат.
«Айлык беш жылдан бери көтөрүлө элек. Жыл сайын почта бөлүмдөрүндө жумуш көбөйүп баратат. Биз пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө, каттарды жана гезиттерди үйлөргө жеткирүү менен алектенебиз. Ошондой эле, “Коопсуз шаар” долбоору үчүн “бакыт катын” жеткиребиз. Былтыр бизге эмгек акыбызды көтөрөбүз деп убада беришкен, бирок иш жүзүндө андай эмес. Дүкөндөрдөн насыя берилбесе, эчак эле ачка болуп өлүп калмакпыз », – дешет нааразычылык акциясына чыккандар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru