Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жайгаштырылды.

Кэчээ, 20-февралда өткөн финалдык мелдеште Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмакта катышты. Ал эки жеңиш, эки жолу жеңилүү ызасын тартты.

Тайпалык таймаштарда кыргызстандык спортчу өзбекстандык балбанды утуп, бирок кийин япониялык спортчуга утулуп калды. Тайпалык кармаштарда экинчи орунду алгандыгы үчүн мелдештин жарым финалына чыкты.

Жарым финалда казакстандык Эльмира Сыздыкованы жеңип чыкты.

Ал эми финалда Медет кызы кайрадан япониялык балбанга туш келип, кармашта 1:4 эсебинде утулуп экинчи орунга илинди.

 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru