Айрым талапкерлер бир добуштун “баасын” канчага көтөргөнү айтылды

Милициянын маалыматы боюнча, талапкерлер добуш сатып алуу үчүн 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатат.

Нарын жана Ош облустарында добуш сатып алуу фактысы көбүрөөк катталууда. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо процесси башталгандан бери добуш сатып алуу боюнча 49 факты катталган. Анын ичинен жетөө тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

“Бизге түшкөн маалыматтарда добуш сатып алуу үчүн шайлоочуларга 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатканы аныкталды. Кээде акча түрүндө эле эмес, жол салып же кандайдыр бир объект куруп берүүгө аракет кылгандар бар. Мындай учурлар Бишкекте мурункудай болбой, азайып калды. Көбүнчө Нарын жана Ош облустарынан катталууда”, — деди Макилов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru