Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчиликти сактап калды

КыргызстандыкАйсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган рейтинг 6-8-мартта Канадада өткөн мелдештин кийин өзгөртүлгөн. Ал мелдеште АКШнын спортчусу Маллори Велте жеңишке жетип, 18 упайы менен 10-орунга көтөрүлгөн.

Айсулуу Тыныбековада 90 упай бар. Андан кийинки орунда болгариялык Тайбе Юсеин 56 упайы менен турат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru