Айсулуу Тыныбекова имараттын бооруна тартылган сүрөтү боюнча пикирин билдирди

Айсулуу Тыныбекова Бишкектеги Токтогул Сатылганов жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылган сүрөтү боюнча пикирин билдирди.

Балбан кыз аталган жерге барып, ага бул сүрөт абдан жакканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

“DOXA арт-группасына жана ушундай инициативаны көтөрүп чыккандарга чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Мен бардык штрихтердин тактыгына жана бардык түстөрдүн айкалышына таң калдым. Өлкөбүздө стрит-арттын өнүгүшүнө салым кошконуңуз үчүн рахмат! Бул абдан кооз жана шыктандыруучу индустрия! Мага абдан жакты!”, – деп жазган Айсулуу Тыныбекова.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru