народный

Айсулуу Тыныбекова, Кыз келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону: “Жеңишке жетишкенде туу жамынган сонун ырахат…”

Айсулуу Тыныбекова өлкөбүздөгү тууну Эл аралык мелдештерде эң көп көтөрүп чыккан спортчулардын бири. Албетте тууну көтөрүп чыккандагы эмоцияларын өзүнөн башка эч ким билбейт. Бүгүн  Кыргыз Республикасынын туусу кабыл алынган күн. Бул күндүн урматына сыймыктуу кызыбызды маекке тарттык.

— Айсулуу, тууну сенчелик көтөргөн спортчуларыбыз аз эле болсо керек. Эмоцияларың менен бөлүшпөйсүңбү?

— Айсулуу, жеңишке жетишип тууну колуңа алып жаткандагы сезимдер такыр башка. Аны сөз менен жеткире албайсың.  Ал бир сонун рахат. Тууну жамынып жеңгенимди белгилеп килемди айланып чуркаганда өзүмдү абдан бактылуу сезем.  Анан дагы байге тапшырлгандан кийин туу жамынып турганда гимн ойнолсо, кадимкидей толкундасың. Кыргызстандын туусу дайыма көзүмө өтө кооз көрүнөт.  Кайда барбайын сумкамда дайыма кыргыздын туусу бар. Тууну кармап жеңишке жетишүү ар бир спортчунун кыялы эмеспиз.  Кудайым баарыбызды жеңишке жеткирсин.

— Кыргызстандыктарды тууну кабыл алган күнү менен  куттуктайсыңбы?

— Аянтыбызда, ар бирибиздин үйүбүздө желбиреп турсун. Спортчулар барган мелдештерде дайыма жеңишке жетишип тууну бийик көтөрүп жүрүшсүн. Буюрса келечекте дагы далай мыкты спортчуларыбыз дүйнөлүк мелдештерге көтөрүп чыгышсын. Чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru