народный

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча кыргыз-корея кызматташтыгы бекемделет

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Кыргыз Республикасындагы КОПИА борборунун директору Ли Санг-Дук менен куттуктоо жолугушуу өткөрдү.

 Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун максаты – тараптардын ортосундагы биргелешкен кыргыз-корей долбоорлорун илгерилетүү боюнча кызматташууну өнүктүрүү жана айыл чарба жаатындагы KOPIA борборунун ишмердүүлүгүн талкуулоо.

 Тараптар Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашканы белгиленди.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогазиев кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары органикалык айыл чарба өндүрүшүн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, үрөн өстүрүү ж.б. белгиледи.

 Өз кезегинде Ли Санг-Дюк мырза жогоруда айтылган чөйрөлөрдө кызматташуу зарылдыгы жөнүндө макулдугун билдирди.

 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба жаатында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru