Айыл чарба тармагынын дүң продукциясы 2020-жылдын январь айында 7,7 млрд сомду түзгөн

 Айыл чарба, токой чарба, балык чарба тармактардын дүң продукциясы 2020-жылдын январь айында 7 млрд 736,2 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында жазылат.

Муну менен катар физикалык көлөмдүн индекси 101,4 пайызды түзгөн. 

2020-жылдын январь айында айыл-чарба тармагыннын продукциясынын жалпы көлөмү төмөндөгүчө болгон: мал-жандык 97,9 пайыз, өсүмдүк – 0,6 пайыз, токой-чарба – 0,1 пайыз, балык чарба – 0,3 пайыз жана башка кызматтар 1,2 пайызды түзгөн. 

Дыйкандардын, фермерлердин жана жарандардын жеке чарбасынын продукциялары 97,1 пайызды түзгөн. 

2020-жылдын январь айында айыл-чарба тармагынын дүң өндүрүмүнүн өсүшү, мал-жандыктардын өсүүсү менен шартуу болгон. 

 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru