Айзаданы өлтүргөн кылмышкердин жердиги жана буга чейинки жасаган кымыштары аныкталды

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, андан кийин муунтуп өлтүргөн шектүү Россияда 3 ирет сот жообуна тартылган. Бул маалыматты бүгүн, 8-апрелде АКИpress агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.
Алгач кызды, андан кийин өзүн-өзү өлтүргөн Теңизбаев Замирбек Абдыкаарыевич 1985-жылы 22-апрелде Ош облусунда төрөлгөн.

2008-жылы Россиянын Омск шаарында уурулукка байланыштуу 3 ай абакта болгон.

2009-жылы талап-тоноо байланыштуу Красноярскта сот жообуна тартылган. Ал 2 жылга эркиндигинен ажыратылган.

2012-жылы каракчылык боюнча Москва шаардык соту 5,6 жылга эркинен ажыраткан. Күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында жаза өтөп, 2017-жылы эркиндикке чыккан.

Андан кийин Кыргызстанга кайтып келген.
Бүгүн эртең менен Бишкек ШИИБ уюштурган маалымат жыйында З.Теңизбаев алгач батирде жашап жүрүп, акыркы 2-3 айда унаада жашаганы айтылган.

Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилет. Ал таята, таенесинин колунда өскөн.
«Айзаданын атасы менен апасы ажырашып кетишкен. Бул жакта таята, таенесинин колунда өскөн. Жалгыз кыз болчу. Сөөк алынып келе элек, боз үй тигилип жатат. Саат 15:00 чамасында жетип калат дешти.
11-класска чейин бул жакта окуган. Аябай жакшы, тартиптүү кыз болчу. Жароокер, жоош, сыйчыл эле. Угуп алып, аябай жаман болуп жатабыз», – деди маркумдун кошуналары.

Leave A Reply

Your email address will not be published.