Айзаданын өлүмүнө шектүүнүн соттогу акыркы сөзү

Ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча 14-сентябрда сот отуруму болуп өткөн.

Айыпталуучулар Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажыкабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Пандемияга байланыштуу шектүүлөр сотко алып келинбей отурум онлайн режиминде өттү.

Сот акыркы сөздү айыпталуучу Молдосариевге бергенде “Мен кыздын үй -бүлөсүнөн кечирим сурайм. Мындан башка айта турган сөзүм жок”, – деп ал сөзүн жыйынтыктаган.

Эске салсак, сот айыпталуучуларды 7 жылга эркинен ажыратып жана ар бирин 100 миӊ сомдон жабырлануучуга төлөө чечимин чыгарган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru