Айзаданын өлүмү боюнча соттун чечими чыкты

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча сот чечим чыгарды.

Анда 5 айыпталуучунун иши каралып, аларды сот күнөөлүү деп тапты.

Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле ар бир соттолуучу 100 миң сом өлчөмүндө жабырлануучу тарапка айып төлөөгө милдеттендирилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru