Айжан Чыныбаева окуучулар качан мектепке кайтаарын айтты

Бишкектеги окуучулар Жаңы жылдан кийин мектепке кайтып келе алышат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева шаардык кеңештин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда билдирди.

Депутат Валентина Лисниченко белгилегендей, мектептер дезинфекциялоочу каражаттарды  сатып алууга акчасы жок болгондуктан, кабыл алууга даяр эмес. “Эгерде биз балдарды 11-ноябрдан баштап мектепке жиберсек, анда бул маселе курч болуп кетет”, – деди ал.

Айжан Чыныбаева 11-ноябрда  мектептер ачылбай турганын айтты.

«Биз ушул учурду Саламаттыкты сактоо министрлиги менен талкууладык, анткени коронавирустун туу чокусу айдын  20-күнүндө күтүлөт. Балким Жаңы жылдан кийин мектептер ачылат», – деди Айжан Чыныбаева.

Дистанттык окутуу пандемия башталганда киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru