Ак үйдү оңдоп-түзөө үчүн ЖКнын депутаттары маянадан баш тартышты
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары маянадан баш тартышкан. Бул акча Ак үйдү оңдоп-түзөөгө жумшалаарын парламент төрагасы Талант Мамытов журналисттерге билдирди.
“Азыр бул маселе чечилип жатат, депутаттар өзүлөрү демилге көтөрүп, эмгек акыны алуудан баш тартышты, бул каражат маселени чечип, сынган терезе-эшиктерди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов.
Мамытов белгилегендей, мындан тышкары, оңдоо иштерине жардам берүүгө даяр меценаттар жана жөнөкөй жарандар бар. “Биз маселени өз алдынча чечүүгө мүмкүн болушунча аракет кылабыз”, – деп түшүндүрдү төрага