народный

Ак үйдүн тосмосун саткан адам кармалдыбы?

“Уурулук” беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат

Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы Ак үйдүн айланасында турган тосмонун бир бөлүгүн уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки процессти жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

– “Уурулук” беренеси боюнча сотко чейинки процесстер башталды, – деп билдиришти ИИМден. – Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын тургуну темир-тезек төгүлгөн жайдан Ак үйдүн айланасында турган тосмонун бир бөлүгүн тапканы маалымдалган. Бул тууралуу адам социалдык тармакка жазган.

Ак үйдүн айланасындагы тосмо 6-ноябрда бузула баштаган. Бишкек мэриясы тосмо менен Ысык-Көл мейманканасын тосуу үчүн колдонулушу мүмкүн деп билдирди.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru